Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Сауд Аравия Королдугунан келген делегацияны кабыл алды.
Калаа башчысы Сауд Арабия Королдугунун Инвестициялар министрлигинин Азия департаментинин директору Фейсал Ба Абдулланы жана делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, иш сапары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууга ошондой эле КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Улукбек Марипов жана мэрдин орун басары Рамиз Алиев катышты.
Жолугушууда тараптар түрдүү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы негизги тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Өз кезегинде Файсала Ба Абдулла мырза Бишкек шаарынын жетекчилигине жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.