"Бишкекасфальтервис" муниципалдык ишканасы тарабынан А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Эски асфальтты фрезалоо иштерин баштоо пландалууда.
Курулуш учурунда жол кеңейтилип, шагыл мастикалык асфальт төшөлөт.
Аталган иштер 2024-жылга карата жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп жатат.
Курулуш иштери "Технотоп" ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.