Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары бир нече көчөдө уланууда.
Бүгүн, 27-августта Чүй проспектисинин С. Ибраимов көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Ж. Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.
Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтүп, жумуш алдын ала бекиген графиктен бир ай эрте аяктады.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылган.