Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин пландык жыйыны болуп, ага мэрдин орун басарлары, 4 райондун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков доклад жасады. Ал катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
2024-жылдын 7 айында ишкана 156 290 тонна таштанды чыгарган, 2022-жылга салыштырмалуу 50 271 тоннага жана 2023-жылга салыштырмалуу 38 589 тоннага көп.
Жолдош Чуштуков белгилегендей, атайын техниканын жоктугунан ишкана учурда шаардык муниципалдык кызматтардын атайын техникаларын колдонуп жатат.
Бүгүнкү күндө борбор калаанын айрым аймактарында графиктен жарым-жартылай, бирок 1 күндөн ашык эмес артта калуу байкалууда.
Белгилей кетсек, бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын жабдууларды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Участокторду толук камтуу үчүн зарыл болгон таштанды ташуучу унаалардын келиши жакынкы аралыкта пландалууда.
Ошондой эле Ж.Чуштуковдун айтымында жумушчу күчтөрдүн жетишсиздиги да бар, атап айтканда жүктөгүчтөрдүн, дворниктердин, айдоочулардын, слесарлардын, ширетүүчүлөрдүн ж.б.
Бош орундар боюнча төмөнкү дарекке кайрылууга болот: Ростовская көчөсү, 19Б.
Урматтуу шаар тургундары! Рационалдуу иштөө жана контейнердик жайлардын күндүзгү эстетикалык көрүнүшүн сактоо үчүн саат таштандыларды 19.00дөн 00.00гө чейин чыгаруу зарыл.
Ишкананын кызматкерлери катуу тиричилик таштандыларын таңкы саат 06:00гө чейин чыгарышат. Ошентип, күндүз таштанды аянтчалары көп толбойт жана алардын эстетикалык көрүнүшү да сакталат.