Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору курулуш компаниялары тарабынан мыйзам бузууларды аныкташты.

Жолдун жүрүүчү бөлүгүн булгаган кезектеги учур Севастопольская, 8 дарегинде болгон.   "Зам Зам Билдинг" ЖЧКсына карата КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн сактабагандыгы үчүн протокол түзүлүп, салынган айып пулдун өлчөмү 23 000 сомду түздү.

Компаниянын жумушчулары мыйзам бузууну дароо жоюшту.

Санитардык нормаларды "Елизавета" ЖЧК жана "Бай Сервис Девелопмент"ЖЧК сакташкан эмес. КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык, эки компанияга 13 000 сом айып салынган.

Эскерте кетсек, рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат. Тартип бузуу фактылары боюнча инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан бардык адамдарга протоколдор түзүлөт.