Бүгүн, 2024-жылдын 26-августунда Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Карасаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки дагы бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Карасаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктаганын билдирди.
Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки акыркы тилке жакынкы аралыкта ачылат.
Эскерте кетсек, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюндагы магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо.
Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен 900 мм диаметрдеги түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.