Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында «Бишкек жылуулук  тармагы» муниципалдык ишканасы Никитин жана Салиева көчөсүнүн ортосундагы Осмонкул көчөсүндөгү  түтүктөрдү алмаштырат.

Оңдоо иштери 2024 -жылдын 27-августунан башталып, 13-сентябрына чейин уланат. Оңдоо иштерине байланыштуу  Осмонкул көчөсүндө  жол кыймылы толугу менен жабылат.

Белгилей кетсек, Осмокул көчөсүндөгү узундугу 127 метр, диаметри 325 мм түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1985-жылы ишке киргизилип, өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн өтөп бүткөн.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы айдоочулардан каттамдарды алдын-ала пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.