"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Бишкек шаарынын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоону улантууда.
"Туңгуч" кичи районундагы эки көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды.
Ауэзов көчөсүндө Анкара көчөсүнөн ЧЧКга чейин бордюрлар орнотулуп, эски асфальты сыйрылып, тротуардын негизин даярдоо иштери аяктады.
Мындан тышкары, тротуарды кеңейтүү жүргүзүлдү.
Ошондой эле, № 36/2 үйдүн түштүк тарабынан, №7-үйдүн түндүк тарабынан № 181-үйгө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери башталды.
Учурда эски асфальтын сыйруу иштери аяктап, бордюр орнотуу иштери аяктап, жаңы ирригация системасын орнотуу пландалууда.
Белгилей кетсек, бул объекттерде "Чүйдорсервис" ЖЧК подряддык уюму тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.