Бүгүн, 2024-жылдын 26-августунда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолдорду капиталдык оңдоодон өткөргөндөн кийин Кумарык жана Трудовая көчөлөрүн ачат.
Иштер 2024-жылга карата шаардык жолдорду капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык аткарылды.
Алсак, эски асфальтын сыйруу, ирригация системасын жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле ысык асфальт төшөө иштери аткарылды.
Кумарык көчөсүндө Трудовая көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.
Трудовая көчөсүн капиталдык оңдоо Москва көчөсүнөн Кумарык көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.