Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы 7-августтан 21-августка чейин Бишкек шаарында эреже бузгандарга карата  484 протокол түзгөн. Салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 680 500 сомду түзөт.  

Шаар тургундарынын көбү Кыргыз Республикасынын  "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-жана 115-беренелерин бузушкан.

Көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 263 протокол, турмуш – тиричилик жана башка буюмдарды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн-108 протокол түзүлгөн.

Белгилей кетсек, борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга каршы рейддер күн сайын өткөрүлүп турат.

Ар бир факты катталат жана Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык чаралар көрүлөөрүн эскертебиз.