Бишкек шаарында 2024-жылдын 23-августунан тарта оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттам жарым-жартылай өзгөртүлгөн кыймыл менен иштейт.
№7 троллейбус “Ак Өргө” конушунан “Тунгуч” кичи районуна чейин каттайт. Бирок буга чейин каттам Киев көчөсү менен жүрсө, эми ал убактылуу Москва көчөсү менен жүрөт. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз бойдон калууда.