Муниципалдык инспекциянын инспекторлору шаардагы тартип үчүн күрөштү улантууда. Шаардыктар видеокөзөмөл камералары орнотулганына карабастан таштандыларды такталбаган жерлерге ыргытууну улантууда.
Алсак, Курманжан Датка/Ереванская көчөсүндөгү таштанды полигону август айында инспекторлордун күчү менен жок кылынган.
Оң жыйынтык көпкө сакталган жок. Кечээ, 21-август түнүчүндө "Папа Мардин" чарбалык субъектинин кызматкери таштандыны белгиленбеген жерге ыргытышкан.
Инспекторлор аталган чарба субьектинин негиздөөчүсү "Жиян Групп" ЖЧКсы экенин аныктап, ага Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 1- бөлүгү боюнча протокол түзүшкөн.
Ушундай эле мыйзам бузууну "Милан"ЖЧКсы жасаган. Эми экөө тең 17 000 сом айып пул төлөшү ыктымал.
Ошондой эле таштанды менен күрөшүү Урицкий көчөсүндө жүрүп жатат. Муниципалдык инспекция онлайн режиминде камера орнотуп, кармалган биринчи адамга айып пул салды.
Шаар тургунуна Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Айып пулдун өлчөмү 5 500 сом.
Урматтуу шаар тургундары жана чарба субъекттер! Сиздердин башаламан аракеттериңизди видеокамералар көзөмөлдөйт. Укук бузгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.