Учурда Чүй проспектисиндеги борбордук Ала-Тоо аянтында реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Флагшток, фонтандар гана эмес, жашыл аймак да жаңыланат.
Ошентип, жашылдандыруучулар авариялык жана куураган көчөттөрдү алып, тамыры менен жулуп бүтүшүп, анын ордуна Орозбеков көчөсүнө Пушкин көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабык тамыр системасы менен 12 даана жаш катальпа көчөтүн отургузушту.
Жаңыланган аянттын гүлзарлары бир жылдык гүлдөрдүн сальвия, целозия сыяктуу эки түрү менен оймо-чиймелер түрүндө кооздолот.
Буга чейин борбор калаанын жашылдандыруучулары Чүй проспектисинин боюндагы жашыл аймакты реконструкциялоону башташты жана аяктоо алдында турат.
Учурда жер кыртышын түшүрүү жана газон себүү, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин узундугу 550 погон метр жаңы лотокторду орнотуу, авариялык жана куурап калган көчөттөрдү алуу иштери жүргүзүлүүдө.