Борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда №59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык оңдоо иштери активдүү жүрүүдө.
Долбоорду аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын 31-августуна белгиленген.
Эскерте кетсек, №59 бала бакчага электрондук каттоо төмөнкү шилтеме аркылуу ачык: https://mektep.edu.gov.kg/
Иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат. Аймактын жалпы аянты 11 400 чарчы метрди түзөт.
Учурда чатырды алмаштыруу иштери аяктап, фасадды оңдоо жана жылуулоо иштери башталды. Ички оңдоо иштери, жылуулук тутумун орнотуу, ошондой эле аймакты жашылдандыруу жана инженердик тармактарды алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Подрядчы — «Аргын курулуш» ЖЧКсы.
КР Министрлер Кабинетинин балдарды мектепке чейинки билим берүүдө натыйжалуу пайдалануу жана көбүрөөк камтуу боюнча буйругунун алкагында балдар бакчасында кошумча бош орун түзө турган жылдырма керебеттер колдонулат. Ошентип, 420 орунга эсептелген бала бакча 600гө жакын баланы кабыл алууга ылайыкталды.