Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

2024-жылдын 23-августунда Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн  түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн  ачуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, ушул эле күнү Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабын жабуу пландалып жатат.  Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.