Борбор калаада ар бир таң шаарга кам көрүү менен башталат. Муниципалдык кызматтын кызматкерлери күн сайын жашыл аянттарды сугарып турушат.

Ошентип, сугат мезгили башталгандан бери борбор калаага сугат суусу күн сайын эртең менен «Асанбай», «Мураталы», «Лесхозный», «Жогорку транзит», «Киргизия 1» жана "Ала-Арча" каналдарынан берилүүдө.  

Мына ушул булактардан  «Бишкек жашыл курулуш» МИси   арык суусун кое берип, Бишкектин ар бир районундагы сугат иштерине жооптууларга жеткирип турушат.

Эркиндик бульвары, Ч.Айтматов, Тынчтык проспектилери, Айни, Тыныстанов, Абдрахманов, Орозбеков, Раззаков, Панфилов, Муромская, Токомбаев, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Байтик-Баатыр  жана башка көчөлөрдө  сугат иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, сугат тармактары сугат мезгилине алдын ала даярдалып, 2023-жылдын күзүндө жана ушул жылдын жаз айларында тазаланган.

Ошондой эле жай мезгилинде  «Бишкек жашыл курулуш» МИси жашыл аянтчаларды күн сайын кечки автоматтык түрдө сугарып турат, башкача айтканда, күн сайын саат 19:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин ишкананын багбандары атайын техниканын жардамы менен 20 бирдиктен сугарышат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы ирригациялык тармактарга кам көрүүгө жана таштанды ыргытпоого чакырат.