Бүгүн, 2024-жылдын 21-августта алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы  Мамыркалиев көчөсү боюнча Чапаев көчөсү менен Ленин проспектисинин ортосундагы жылуулук тармагынын бөлүгүндө бузулууларды жоюу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө диаметри 219 мм, узундугу 21 метрди түзгөн түтүк алмаштырылат. 1971-жылы пайдаланууга берилген жылуулук тармагынын бул участогу өзүнүн стандарттык мөөнөтүнөн ашып кеткендиктен, алмаштыруу талап кылынган.

Эски түтүктү жаңыга алмаштыруу жылытуу мезгилинде авариялык кырдаалдарды жана жылуулук тармагынын ишин үзгүлтүккө учуратуу коркунучун азайтат. «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы  шаардыктарды жылуулук менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.