Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жыл капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүү боюнча жумуштарды улантууда.

Буга чейин Байтик баатыр жана И. Ахунбаев көчөлөрүндө жол тилкеси мөөнөтүнөн эрте сапатын жоготкон айрым тилкелер аныкталган. Бул тууралуу тиешелүү актылар түзүлүп, жол салган ишканаларга билдирүүлөр жиберилген.
 
Андан тышкары Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жер астындагы суу түтүгү жарылган учур аныкталды.

Буга байланыштуу аталган тилкеде 22-24-август күндөрү аралыгында аныкталган кемчиликти жоюу  жумуштары жүргүзүлөт. Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоону жүргүзгөн жол куруу компаниялары менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жумушту аткаруучу тарап, жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Эгерде кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн эрте сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тапшырыкчы катары жол курулушунун сапатын текшерүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууда.