Санитардык эрежелерге ылайык коомдук транспорттун акыркы токтоочу жерлери текшерилди.
Рейд Муниципалдык инспекция тарабынан уюштурулуп, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы менен биргеликте өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда Ак-Өргө конушунун Боз Салкын 63/4 дарегиндеги №216 автобустук каттамдын акыркы аялдамасы жана Ак-Ордо конушунун Тагай бий 34 дарегиндеги №36 автобустук каттамдын акыркы аялдамасынын санитардык тазалыгы канааттандырарлык деңгээлде болбогондугуна байланыштуу Муниципалдык инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык 2 протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Жыйынтыгында Муниципалдык инспекция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автобустардын акыркы токтоочу жайларын кечиктирбестен тазалоо боюнча эскертүү берилди.
Эске салсак, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык автобустардын акыркы токтоочу жайлары, аялдамалар таза жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болушу зарыл. Тазалыкты сактабагандарга Муниципалдык инспекция чара көрөөрүн эскертебиз.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаардык коомдук транспорттун акыркы токтоочу жерлери тийиштүү абалда болушу керек.