Бишкекте чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирине ири өлчөмдө айып пул салынды. Муниципалдык инспекция жер алдына эч кандай техникалык шарттары жана долбоорлору жок жер казуу иштерин жүргүзүп, канализацияга кошулуу аракетин көрүп жаткан фактыны аныктады.
Бул аракети үчүн чарба субьектиге Кыргыз Республикасынын " Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренеси менен 65000 сом айып салынган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, суу түтүк, канализация жана борбордук жылытуу тармактарына уруксатсыз же белгиленген жол-жоболорсуз кошулуу мыйзамсыз иш болуп саналат. Бул үчүн жеке жактарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом айып пул салынат.
Ошондой эле, жолдордо жана жол курулмаларында оңдоо иштерин уруксат документтери жок жүргүзүүгө тыюу салынгандыгын маалымдайбыз!
Эреже бузган жеке жактарга 12 500 сом, ал эми уюмдарга 35 000 сом айып пул каралат.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бардыгына бирдей экенин эскертебиз.