Бишкек шаарында турак жай аянтын ижарага берген адамдарды (батир тапшыруучуларды) салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө.


Свердлов районунун аймагында акимчиликтин кызматкерлери, райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук МАБ адистери менен биргеликте батир тапшыруучулардын маалымат базасын түзүп, бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдө иш жүргүзүлүүдө.


Иш-чаралар шаардыктардын көп арыздануусунан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында өткөрүлүүдө.


Эскерте кетсек турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы: көп кабаттуу үйлөргө - кв. м. үчүн 30 сом (пайдалуу аянты), жеке үйлөр- кв. м. үчүн 40 сом (пайдалуу аянты).


Мындан тышкары кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт.


Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.