Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисин бойлой Махатма Ганди көчөсүнөн Ростов көчөсүнө чейин жолдун эки тарабында тротуар куруу иштери уланууда.

Ошентип жолдун түштүк тарабына бордюрлар жана ирригация системасы орнотулуп, асфальт төшөө иштери аяктады.

Жолдун түндүк тарабындагы эски асфальты сыйрылып, бордюрларды орнотуу жыйынтыкталууда. Андан соң асфальт салынат.

Курулуш иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подрядчысы «Белек Нур компани» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.