Борбор калаада абаны  жакшыртуу максатында автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Иш-чара муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, патрулдук милиция кызматы менен биргеликте өткөрүлдү.

Төрт унаадан зыяндуу түтүндүн деңгээли жогору экени аныкталды. Ченемден ашып кеткени үчүн 2 жеке жана 2 юридикалык тарапка Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 234-беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн. Салынган айыптардын жалпы көлөмү 61 000 сомду түздү.

Ошону менен бирге айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  

Урматтуу айдоочулар! Санкцияларды болтурбоо үчүн ашыкча түтүн чыккан авто транспортторду айдабоону эскертебиз.