Балдардын биринчи тобу 2016-жылдын 27-июлунда жиберилип, «Оберег» балдарды калыбына келтирүү борбору менен биргеликте уюштурулууда.
Долбоордун максаты – 130 мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана социалдык интеграциялоо болуп саналат.
Долбоордун алдына бир нече милдеттер коюлуп, балдарга кошумча ден соолукту чыңдоо кызматтары көрсөтүлѳт жана окууту-тарбиялоо иштеринин алкагында кум менен дарылоо, көлөкө театры жана куурчактар оюну уюштурулат.
Аталган долбоорго шаардык бюджеттен 480 миң сом каралды.