Тулпар менен Өзбекстан Республикасындагы жол киренин автоматташтырылган системасынын оператору ATTO кызматташуу боюнча тарыхый меморандумга кол коюшту.
Жакында Кыргызстандын тургундары Өзбекстандын шаарларына “Тулпар”, Өзбекстандын жарандары Бишкекте ATTO карталары менен жол кире акысын төлөй алышат.
Бул кызматташтык транспорттук системалардын интеграциясын тездетүү менен чектелбестен, саякаттоо бардыгы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
Белгилей кетсек, эки системаны интеграциялоого даярдыктар техникалык адистер тарабынан башталды.