Бишкек шаарында жеке үйдүн ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан.

Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында №18 МАБнын аймагына комиссиялык чыгуу уюштурулду.

Ага Свердлов районунун акимиатынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, Муниципалдык инспекциянын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана №18 МАБнын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында шаардык кызматтар тарабынан Суворов көчөсүндөгү №77 жеке үйдүн аймагынан 40 тоннага жакын тиричилик таштандылары чыгарылды.

Турмуш-тиричилик таштандыларын чыгарууга 5 бөлүм тартылган, «Бишкек санитардык полигону», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынан жүк ташуучу унаалар жана 1 жүктөгүч.  

Үй ээси менен Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча санитардык нормаларды жана эрежелерди бузууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.