2024- жылдын 1-июнунан 19-августка чейин Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын мэриясынын 2024- жылдын 15- апрелиндеги №102 буйругун этибара албаган 64 оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун аныктады.
Эрежени сактабагандыгы үчүн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 434- беренесине ылайык, 64 протокол түзүлгөн. Айдоочуларга салынган айып пулдун суммасы 342 200 сомду түздү.
Белгилей кетсек, абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда оор салмактагы унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө болгон чектөө 2024- жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин күчүндө болот.
Көзөмөл Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы жана Бишкек шаардык транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлүүдө.