Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары шахмат боюнча өспүрүмдөр арасындагы Борбор Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту.
Мелдеш Ысык-Көлдө 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында өтүп, ага Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстандан беш мамлекеттен 304 шахматчы катышты.
Уюштуруучулар Улан Чолпонбаев атындагы шахмат мектеби жана Азия шахмат федерациясынын алдындагы Кыргыз шахмат союзу болушту.
Командалык мелдеште Өзбекстандын командасы биринчи, Кыргызстан экинчи, Түркмөнстандын командасы үчүнчү орунду ээледи.
Жыйынтыгында кыргызстандыктар 8 медалга ээ болушту: 3 алтын, 1 күмүш жана 4 коло.
Ошентип, шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту:
Съездбекова Айжан – алтын;
Сайзылдаева Аймана – алтын;
Нурбеков Али Нур – коло.
Чемпионат Борбордук Азияда шахматтын өнүгүшүндө маанилүү окуя болуп, жаш шахматчылардын дарамети өсүп жатканын көрсөттү.