«АК ИЛБИРС» адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары самбо боюнча Дүйнө кубогуна катышты.
Мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 14 өлкөдөн 250 спортчу катышкан.
Ошентип, спорт мектебинин окуучусу Үсөн кызы Акак 54 кг салмакта күч сынашып, күжүрмөн самбо боюнча коло медаль тагынды.