Бишкекте мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен таңкы саат 6: 00дө акимдердин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда мэрдин орун басарларынын кыдыруусу өттү.
Ленин районунда Арча-Бешик, Чоң-Арык конуштарында жана No3, No4 МАБнын аймагында көчмө жыйын өткөрүлдү.
Тиешелүү кызматтарга Арча-Бешик конушундагы таштандыларды чыгаруу жана аялдама комплекстерин талапка ылайык келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.
“Бишкек жашыл курулуш” ишканасына таштанды жайларынын жанындагы кыйылган бак-дарактарды жана чабылган чөптөрдү алуу тапшырмасы берилди.
Муниципалдык инспекцияга жанаша жайгашкан аймакты талаптагыдай абалга келтирүү боюнча чарбалык субъектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Ленин районунун аймагындагы жеңил объектилерди жана жарнама конструкцияларын белгиленген тартипте демонтаждоо тапшырылды.
Октябрь районунда аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана катуу таштандыларды чыгаруу иштери текшерилди.
“Тазалык” ишканасына катуу тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу жана контейнерлерге жакын аймак менен ирригациялык тармактарды тазалоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле, муниципалдык инспекцияга чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына уруксат берилбеген соода объектилерин демонтаждоо, ошондой эле Койбагаров жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги гараждык кооперативдин мыйзамдуулугун аныктоо тапшырмасы берилди.
Октябрь администрациясына көчөлөрдөгү стихиялуу сооданы жоюу милдети коюлган.
Биринчи май районунда Профсоюз, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү жана Көлмө конушунун көчөлөрүндөгү көрктөндүрүү иштеринин абалын текшеришти.
“Тазалык” ишканасына таштандыларды чыгарууну тез арада уюштуруу тапшырмасы берилди.
Тазалыкты жана тартипти сактоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына да көңүл бурулууда.
Акимдин орун басарына бул тапшырмалардын аткарылышын такай көзөмөлдөөнү киргизүү жана маселелерди чечүүгө ыкчам чара көрүү тапшырмасы берилди.
Свердлов районунда Логвиненко, Күрөңкеев, Щербаков, Абдрахманов, Баялинов, Будённый көчөлөрүндө жана Аламүдүн-1 кичи районунда кыдыруу өткөрүлдү.
“Тазалык” ишканасына катуу таштандыларды чыгаруу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле жетекчинин орун басарына текшерүү учурунда айтылган көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлгө алуу жана орун алган мыйзам бузууларды тез арада жоюу милдети коюлду.