Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алдында борбор калаада ачык асман алдында музыкалык кечелер уланууда.

Уркуя Салиева атындагы сейил багында музыкалык кече өтүп, ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев катышты.

Концерттик программада атактуу ансамблдер — «Семетей» ыр жана бий ансамбли жана «Сувенир» орус ыр жана бий ансамбли, «Исламей» ансамбли өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чаранын коноктору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Нуржигит Асанов, Тилек Найманбаев, Сьезбек Искеналиев, Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Замира Мавлянова, Султан Каримов жана башка таланттуу ырчылар болду.

Белгилей кетсек, “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоору 2024-жылдын август айынын аягына чейин уланат.