Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле тамеки чегүүгө каршы күрөштүн алкагында Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында тамеки чегүүгө тыюу салынган жазуулар орнотулду.

Иш «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жүргүзүлдү.

Бул белгилер  эл көп чогулган жерлерге, кафе, ресторан, мектептер, саламаттыкты сактоо мекемелери ж.б. орнотулду.

Бул белгилерди орнотуунун максаты жарандардын ден соолугун тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун зыяндуу таасиринен коргоо, ошондой эле шаар тургундарынын сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынаарын эскертебиз.