Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан 7-августтан 14-августка чейинки бир жумада көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга жалпы суммасы 3 миллион 622 миң сомдук 314 протокол түзүлдү.
Ошентип, район боюнча:
- Свердлов районуна 1 034 500 сомго 82 протокол түзүлдү;
- Ленин районунда 988 500 сомго 79 мыйзам бузуу;
- Октябрь району боюнча 941 миң 500 сомго 77 протокол;
- Биринчи май району боюнча 657 миң 500 сомдук 76 көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Эскерте кетсек, муниципалдык инспекция жеке жана юридикалык жактардын Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, бузуучулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жазага тартылат.