Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында акимдин орун басары Асел Садыкованын төрагалыгы алдында Балдар иштери боюнча комиссиянын (БКК) кезектеги жыйыны  өттү.

Ага үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, райондук билим берүү башкармалыгынын, МАБдын адистери, Свердлов РИИБнин, ошондой эле комиссиянын  курамына кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.  

Бекитилген күн тартибине ылайык, комиссиянын отурумунда убактылуу борборлорго  жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер, балдар арасындагы укук бузуулар боюнча 79 материал каралды.

Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана балдарды коргоо боюнча жеке пландар бекитилди.