Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Чүй проспектисин реконструкциялоонун жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуунун алкагында «Тазалык» ишканасы  менен биргеликте «Buffet» кафесинин кошумча курулушун демонтаждады.

Буга чейин башкармалыктын адистери кафенин администрациясы менен аймакты баштапкы абалга келтирүү зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында КР Мамлекеттик салык кызматынын башкы имаратына жабышып салынган капиталдык курулуш алынып, 110 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Мындай чечим Бишкектин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.