«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун Бурдинский тилкесинде көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин жүргүздү.
Иштин алкагында ар биринин кубаттуулугу 50 Вт болгон 38 чырак орнотулуп, 5 даана бетон таянычтар орнотулду.
Жергиликтүү тургундар жарыктандыруу иштери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Алар көчө мурда өтө караңгы болуп, аны бойлоп басуу өзгөчө кечинде кооптуу болгонун белгилешти. Учурда Бурдинский тилкеси жарык, коопсуз жана ыңгайлуу.