Бишкек шаарынын райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында иштер улантылууда.

Алсак, Ленин районунда калк арасында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Райондун акиминин орун басары Айзада Джунусова жогоруда айтылган программа боюнча бала бакчаларды ачууга даярдыктар менен таанышты.

Белгилей кетсек, Жал кичи районунда жана Арча-Бешик, Ак-Ордо-3 конуштарында   бала бакчаларды ачуу пландалууда.

Үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтууга шарт түзөт, ошондой эле аялдарды иш менен камсыз кылат.

2023-жылы Ленин районунда үй тибиндеги 19 бала бакча ачылган.