Айтиев Тариел Жолдошбекович Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды, буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Мындан тышкары, Нусупбеков Азамат Кылычбекович Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын аппарат жетекчиси  болуп дайындалды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басарын жана аппарат жетекчисин дайындоо  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2  «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгы менен белгиленген мамлекеттик кадр саясатынын алкагында   Бишкек шаарынын мэриясынын ички кадрдык резервинен жүргүзүлдү.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Айтиев Тариел Жолдошбекович

Нусупбеков Азамат Кылычбекович