Айбек Доолатбекович Жолдошев Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Свердлов райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басарын дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгы менен белгиленген мамлекеттик кадр саясатынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын ички кадрдык резервинен жүргүзүлдү.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын Айтакунов Кубанычбек Маратбекович ээлеп келген.