Бишкектин райондорунда орто мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушуулар өттү.

Ага райондун акиминин орун басарлары, райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчилери, ошондой эле борбор калаадагы мектеп, бала бакчалардын директорлору катышты.

Алсак, Ленин районунда өткөн жыйында коррупцияга каршы күрөшүү чаралары, балдарды мектепке тартууда ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыздоо боюнча электрондук кызматтарды киргизүү, ошондой эле мектептердин аймактарын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Октябрь районунун аймагында 2024-2025-окуу жылына карата райондогу билим берүү уюмдарында коррупцияга каршы иштердин аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Свердлов акимиатында өткөн жыйында коррупцияга каршы күрөшүү, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, мектептердин аймактарын жакшыртуу боюнча иш-чаралар талкууланды.

Биринчи май районунда өткөн жыйында билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына өз убагында жана ар тараптуу даярдоо маселеси каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мектеп директорлоруна төмөнкүлөр тапшырылды:
- ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана балдарды кичирорайондогу мектептерге өткөрүү боюнча чараларды көрүүгө;
- райондук билим берүү башкармалыктарына керектүү оңдоо жана башка материалдарды сатып алууга путевкаларды өз убагында берүүгө;
- окуу жылынын башынан тартып окуу сааттарын өзгөртүү боюнча мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
- мектептердин жана бала бакчалардын аймагындагы жашыл аянтчаларды сугаруу жана тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.