Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек шаарынын ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блокторуна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоолорду жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн, иштин көлөмүн, татаалдыгын жана тийиштүү билимди талап кылган энергетикалык блоктору капиталдык оңдоону жүргүзүүнүн тартибин эске алуу менен оңдоо иштерин «Tebian Electric Apparatus Stock Co., LTD» ЖЧКсы жүргүзөт.
Бүгүнкү күндө кытайлык компаниянын 300дөн ашуун кызматкери ЖЭБдин кызматкерлери менен биргеликте 2024-жылдын 1-октябрына чейин №3 жана 2024-жылдын 1-ноябрына чейин №4 энергетикалык блоктордун капиталдык оңдоо иштерин тез арада бүтүрүшү керек. Энергетикалык блоктор 2017-жылдын июль айында орнотулуп, ишке киргизилген. 2017-жылдан 2024-жылга чейин (7 жыл) эксплуатациялоонун жүрүшүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ошондой эле агрегаттар чоң жылуулук жана электрдик жүктү көтөргөн, ушуга байланыштуу орнотулган долбоордук кубаттуулуктардын төмөндөшү байкалган. 300 МВттан 220 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө таасирин тийгизет.
Аткарылган иштердин алкагында 300 МВт кем эмес эки энергетикалык блоктор, электр энергиясын жана 300 Гкал/сааттан кем эмес жылуулук энергиясын өндүрүүгө жетишүү зарыл.
«Бишкек Жылуулук электр борбору» МИ татаал технологиялык процесске ээ. Бишкек шаарынын энергетикалык жана жылуулук коопсуздугу үзгүлтүксүз иштөөсүнөн көз каранды болгон, стратегиялык маанилүү ишкана болуп саналат.