«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантууда.

Эми Жибек Жолу проспектисинде жаңы тротуар болот. Оңдоо иштери Махатма Ганди көчөсүнөн Ростовская көчөсүнө чейин башталды.

Жолдун түштүк тарабында эски асфальтын сыйруу, бордюрларды жана  ирригация системасын орнотуу сыяктуу негизги иштер жыйынтыкталып, асфальт төшөө пландалууда.

Жолдун түндүк тарабында эски асфальтын сыйруу уланып жатат, учурда  бордюр орнотууга даярдык иштери жүрүп жатат.