Бүгүн, 2024-жылдын 13-августунда «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын директору Уран Райымбеков башкы инженер Нурлан Кайдуев менен биргеликте Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Бүгүнкү күндө Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат, ал эми Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери башталган. Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын демилгеси менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилип, эми төрт тилкелүү болот.
«Асфальт сапаттуу жана өз убагында төшөлүшү керек, мындан тышкары Горький көчөсүнөн тарта участогу биринчи ачылыш керек», - дейт директор Уран Райымбеков.
Реконструкциялоонун жүрүшүндө диаметри 700 мм болгон магистралдык түтүктөр диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, жабуучу жабдуулар толугу менен алмаштырылды. Реконструкцияланган тармактын узундугу 845 метрди түзөт.
Шаардын түштүк бөлүгүн жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган реконструкциялоо иштери жакынкы арада аяктап, тургундарды ишенимдүү жана заманбап жылуулук менен камсыз кылат.