Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен «Кая Интернешнл» компаниясы келечектеги достукту, кызматташтыкты өнүктүрүү жана Бишкек шаарында биргелешкен долбоорлорду колдоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.
Ошондой эле борбор калаада мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен жашылдандыруу иштери кызуу уланууда.
“Ынтымак-2” паркынын аймагына “Климаттын өзгөрүүсү боюнча Кёнгидо провинциясынын атайын жаштар делегациясы” долбоорунун алкагында жалбырактуу жана бадал көчөттөрү отургузулду.
Көчөт отургузууга мэрдин орун басары Рамиз Алиев, "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын директору
Адилет Билимбек уулу жана Түштүк Кореядан келген 40 «Кая Интернешнл» ыктыярчылары катышты.
Азыр парк 20 жалбырактуу липа дарактары, ошондой эле 12 бадал менен кооздолду.
Өз кезегинде компаниянын кызматкерлери ыктыярчыларды керектүү жабдыктар менен камсыздап, орундарды алдын ала даярдашкан.
2024-жылдын 22-августунда Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчага отургузуу пландалууда.
Маалымат үчүн: «Кая Интернешнл» түштүк кореялык бейөкмөт уюм болуп саналат, ал өнүгүү маселелери менен алектенет. Кыргызстандагы филиалы – «Кая КДЖИ». Кыргызстандын турмушун өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча ар кандай долбоорлорду жетектейт.