Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле тамеки чегүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Ленин акимиаты коомдук жайларга «Тамеки чегүүгө тыюу салынат» белгилерин орнотуу боюнча акция өткөрдү.

Алсак, акциянын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерде, билим берүү уюмдарында, кире бериштерде, лифттерде, тепкичтерде, коомдук транспорттун аялдамаларында, имараттардын кире беришинде, эл көп чогулган жерлерде 300 белги орнотулду.

Белгилерди орнотуу менен катар тамеки тартуунун ден соолукка зыяны жана коомдук жайларда тамеки чегүүнү чектөө эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилеп кетсек, акция шаарыбызда дени сак жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүү үчүн маанилүү кадам болот.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынаарын эскертебиз.