Муниципалдык инспекция электр  мамыларына, бак-дарактарга, тосмолорго жана дубалдарга жарнама илбөөнү  эскертет.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып салуу каралган.
Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 1 000 сом, юридикалык жактар үчүн – 5 000 сомду түзөт.

Борбор калаада  жарнамалык кулактандырууларды жана баракчаларды бак-дарактарга илген учурлар катталды.
Эреже бузгандар:
- М. Ганди көчөсү, 231дарегиндеги  Бал Кыял ЖЧКсы:
-Фрунзе көчөсү, 597 дарегиндеги  "Маленькая золушка" ЖЧКсы:
- Интергельпо көчөсү, 1/7 дарегиндеги  жеке ишкер Х.А.Д.
- Щербаков көчөсүндөгү  жеке ишкер С.К. С:

Бардык юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 107 - беренесинин 3-бөлүгү боюнча 5 000 сом, ал эми жеке жактарга 1 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Инспекторлор белиленбеген жерлерге жарнамаларды чаптабоо боюнча эреже бузгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле чапталган жарнамалык такталарды алып салуу милдеттендирилди.