Бишкек шаарында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектөө боюнча рейддик иш-чаралар уланууда.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриянын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери Түштүк магистраль  аркылуу оор жүк ташыган эки айдоочуга чара көрүштү.

Айдоочулар 32 градустан жогору температурада шаарды аралап өтүшкөн.

Инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, эки унаанын айдоочусуна  протоколдор түзүлгөн. Эки жеке айдоочуга  3 000 сомдон айып пул салынды.

Эске салсак, Бишкек шаарында 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгондо  шаардын жолдорунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.