Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаар аймагынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштерин улантууда.

Күн сайын инспекторлор тарабынан мекеме-ишканаларга, чарба субьектерге  жазма буйруктар жазылып, жанаша жайгашкан аймактын санитардык тазалыгын сактоо, экологиялык жана эстетикалык абалда кармоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, чарба субъекттер:
- жанаша жайгашкан, бөлүнгөн жана бекитилген аймактарды туруктуу негизде тазалоо жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү;
- жанаша аймакты жашылдандырууга,  чөптөрдү өз убагында оруп чабууга;
- ирригацияны таза кармоо;
- имараттын фасадын жаңыртуу.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери менчигинин түрүнө карабастан борбор калаанын аймагында жайгашкан имараттардын, курулуштардын жана чарба субьектилердин пайдалануучулары жана ээлери, айтор бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн мыйзам бирдей экенин эске салабыз.