Соодагерлердин кассалык чектердин берилишин көзөмөлдөө максатында Октябрь администрациясы райондук салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте базарды текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкерлерге товарды сатууда сатып алуучунун талабына карабастан кассалык квитанция милдеттүү түрдө бериле тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошону менен бирге, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, салыктын ставкалары жылдык кирешелерден 15 миллион сомго чейин 0%, 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 миллион сомго чейин 1 пайызды түзөт.

Ошентип, ККМ тарабынан берилген ар бир чек менен мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда болот.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып патенттин негизиндеги салыктын түрү жоюлган, ошондуктан Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди.

Урматтуу жарандар! ККМ текшерүүлөрүн талап кылыңыз жана өлкөнүн бюджетине салым кошуңуз.