300дөн ашык жарнама  такталары алынды

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы “Тазалык” ишканасы  менен биргеликте Бишкек шаарынын МККБнын колдоосу менен жарнамалык такталарды  демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.  

Учурда борбор калаада 312 жарнамалык конструкция демонтаждалган.  

Бул тышкы жарнактарды жаңыртуу борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча олуттуу кадам болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарнамалык конструкцияларды өз ыктыяры менен алып жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

Урматтуу ишкерлер! Сиздин объектилериңиз башкармалык тарабынан демонтаждалгандан кийин, демонтажга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу зарыл. Андан кийин жеңил объектти «Тазалык» МИсинин базасынан алууга болот.

Ошондой эле жарнама түзүмдөрүн ыктыярдуу түрдө демонтаждооңуздарды суранабыз.

Анткени, эскирген темир конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берет.